Редакцияот 01.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын III сессиясы

2017-жылдын 1-марты № 3

“Кыргыз Республикасынын 27.07.2009-жылы салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү № 255 Мыйзамынынын негизинде 2017-жылга мүлк жана айыл чарба багытындагы эмес жердин салыгын эсептөө үчүн КЗ зоналдык коэффицентинин маанисин белгилеп берүү жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын 27.07.2009-жылы салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү № 255 Мыйзамынынын негизинде 2017-жылга мүлк жана айыл чарба багытындагы эмес жердин салыгын эсептөө үчүн КЗ зоналдык коэффицентинин маанисин тармактар боюнча 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө белгиленсин. ( Тиркеме тиркелет )

2. Айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

 

Төрага

Н. Жакыев

 

Көк-Таш айылдык Кеңешинде зоналдык КЗ

коэффицентинин маанисин тармактар боюнча

бекитүү жөнүндөгү 01.03.2017-жылдагы

№ 3 токтомуна тиркеме:

 

Көк-Таш айылдык Кеңешинин 5 чакырылышынын 3-сессиясынын

№ 3 токтому менен белгиленди

 

1. Жарнама курулмалары 0.3

2.Мейманканалар оюн-зоок жайлар, банктар, ломбарддар

алмаштыруу пункттары 0.8

3. Автоунаага май куюучу жайлар, автосервис ишканалар 1.2

4.Чакан базарлар, мал базарлар,тоют жана жем сатуу базарлары 1.2

5. Коомдук тамактану, кызмат көрсөтүү ишканалары 0.7

6.Дүкөндөр, киоскалар, ларектор жана башка соода мекемелери 0.9

7.Администрациялык офистик имараттар, бизнес борборлору 0.7

8.Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары 1.2

9. Илим, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын жана

спорттун коммерциялык мекемелери 0.8

10. Иштелип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер 1.2

11.Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө

Иштери 1.2

12.Айыл чарбасындагы өндүрүш имараттар ) гараждар, оңдоо устаканалары,

кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча, картошка

сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар ) 0.9

13.Коргонуу, спорт техникалык уюмдар

14. Автоунаа токтоочу жайлар 0.8

15.Кен өнөр жайынын ишканалары 1.2

16.Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары 0.3

 

 

Төрага

Н. Жакыев