Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 3/1
“Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү
бюджетинин жана атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү
жөнүндө”
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы экономикалык бөлүм башчысы иштеп чыккан
Көк-Таш айылдык аймагынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн талкуулап, бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2017-жылга киреше бөлүгү 48936.3 сом, чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык 48936.3 сом атайын каражаттын киреше бөлүгү тиркемеге ылайык 1500.0 миң сом болуп, чыгаша бөлүгү 1500.0 миң сом болуп бекитилсин.
2 .Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1%ти 489.4 сом резервдик фондго калтырылуусу белгиленсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |