Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 3 /2
«Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджетте калган калдыктын киреше, чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө”
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы экономикалык бөлүм башчысы иштеп чыккан
Көк-Таш айылдык аймагынын 01.01.2017-жылга жергиликтүү бюджетте калган калдыгынын киреше, чыгаша бөлүктөрүн талкуулап жана бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга калган калдыгынын чыгаша бөлүгү -12277,1 сом, атайын каражат 1042,8 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |