Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 3 /3
«Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн 2017-жылдын 25-февралындагы № 7/542 сандуу катынын негизинде каражат бөлүп берүү жөнүндө»
Ала –Бука РИИБнүн 2017-жылдын 25-фералындагы № 7/542 сандуу катынын негизинде акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагын талкуулап, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын кортундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2017-жыл үчүн Ала-Бука РИИБнө 50 000 ( элүү миң) сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |