Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 4
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1.Рахманбердиева Асызатка материалдык жардам берүү жөнүндө.
2. “Көк-Таш тазалык ” МИ техникаларынын баарын бир жерге ( гаражга ) чогултуу жөнүндө
3.Айрытам айылындагы Көк-Таш айыл аймагынын 10га жерин бак кылуу эана арендага
берүү жөнүндө.
4.Булак-Башы айылынан “ Яма Беккер ” чуңкуруна жер ажыратуу жөнүндө
5.Бут кийим оңдоочу устага бөлмө ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди угуп жана талуулап, Көк-Таш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Рахманбердиева Асылзаттын арызынын негизинде 40 000 ( кырк миң ) сом айыл
аймактын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берлсин , токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
2. “ Көк-Таш тазалык ” МИнын техникаларын бир жерге чогултуу боюнча тиешелүү
комиссия түзүлүп, көзөмөлдөө жагы айылдык аймактын айыл өкмөт башчысы
Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Айрытам айылындагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу КБФ 10га жерин бак кылуу
үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык аймактын жер адиси Ж.Байнаевге, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
4.Булак-Башы айылынан “Яма Беккер ” чуңкуру үчүн жер ажыратылсын. Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактын жер адиси Ж.Байнаевге, айылдык
Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бут кийим оңдоочу уста үчүн айыл өкмөттүн баланссындагы бош имараттардан атайын
бөлмө ачып берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |