Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 5/2
“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн “ Жайыт комитетинин ” 2016-жылга бекитилген бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо, 2017-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана Иш планын бекитүү жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
токтом кылат:
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин (А. Байнаев) 2016-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 397.200 сом, чыгаша бөлүгү 397.200 сом болуп аткарылгандыгы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп белгиленсин. 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 426.020 сом, чыгаша бөлүгү 426.020 сом болуп, кабыл алган Иш планы жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияcынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Жакыев Н.А. |