Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 5/4
“Мугалимдерге коммуналдык кызмат төлөмү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
токтом кылат:
1.Булак-Башы айылындагы Р. Исаков атындагы орто мектебинин директору Д. Манасовдун сунушунун негизинде, мектепке адис жетишпегендиктен чакыруу менен келген 2 мугалимдин коммуналдык кызмат төлөмү үчүн Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. Gamsumo.gov. kg веб сайтына жарыялансын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Жакыев Н.А. |