Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 5/5
“Келтемиш участкасындагы суугат суу тартуучу насосдо иштеген кызматкерлерге эмгек акы кароо жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактын Келтемиш участкасына курулган суугат суу тартуучу насосту иштетүү менен бирге күзөтчүлүк милдетти кошо аткарып келе жаткан Эгемов Нарынбай менен Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда 2017-жылдын суугат суу пайдалануу сезонунда убактылуу келишим түзүлүп, эмгек акы төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Жакыев Н.А. |