Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 5/6
«Ала-Бука районунун уюшулгандыгынын 80 жылдык маарекесине карата жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө”
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2017-жыл- Ыйман, адеп жана маданият жылы ” Жарлыгын турмушка ашыруу багытында, Ала-Бука районунун 80 жылдык маарекесин уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 230,000 (эки жүз отуз миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияcынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Жакыев Н.А |