Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7
“ Көк-Таш тазалык “ МИнын 2016-жыл 01.09-31.12. ичинде аткарган жумуштарын кароо жөнүндө
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“ Көк-Таш тазалык “ МИнын ( жет. Нышанов Б.М. )2016-жылдын биринчи сентябрынан отуз биринчи декабрга чейинки мезгилде аткарган жумуштары жактырылсын.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,каржы, экономика туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |