Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/1
“Айыл өкмөттүн 2016-жылдагы иш планына кирип, бирок башталып бүтпөй калган курулуштардын жана айыл өкмөт менен Жоопкерчилиги Чектелген Коомдордун ортосундагы ич ара карыздар жөнүндө аймактын ФЭБнүн маалыматы жана 2017-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөттүн 2016-жылдагы иш планына кирип, бирок башталып бүтпөй калган курулуштар, айыл өкмөт менен ЖЧКлар ортосундагы ич ара карыздар тууралуу жана
2017-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү-43045,4 сом, чыгаша бөлүгү-13973,8 сом болуп аткарылгандыгы жөнүндөгү аймактын ФЭБ башчысы А.Маматовдун берген билдирүүсү жактырылсын.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб -сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,каржы, экономика туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |