Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/2
“Жогорку окуу жайларында айылдык аймактын кадрдык жетишбестигин жоюу максатында, өтө зарыл адистиктерге окуп жаткан студенттердин контракт акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө каражат кароого макулдук берүү жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймактагы кадрдык жетишбестикти жоюу максатында, өтө зарыл адистиктерге жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин контракт акысын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.( студенттердин тизмеси тиркеме тиркелет )
2.Каражатты которуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,каржы, экономика туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |