Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/4
“Ала-Бука райондук кесиптик уюмунун алдындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн “ Жоогазын ” эс алуу лагерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында каражат кароо жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ала-Бука райондук кесиптик уюмунун алдындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн
“ Жоогазын ” эс алуу лагерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40.000 ( кырк миң ) сом каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражатты котортуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго тапшырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |