Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/12
“Көк-Таш айылдык аймагынын 2018-2020-жылга карата кирше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун кароо жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2018-жылга -51935,1 сом, 2019-жылга-54431,8 сом, 2020-жылга-57391,8 сом болуп, чыгаша бөлүгү
2018-жылга -51935,1 сом, 2019-жылга-54431,8 сом, 2020-жылга 57391,8 сом болуп бекитилишин сунуштаган ФЭБ башчысы А.Маматовдун түзгөн долбоору жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |