Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/14
“Айылдык аймактагы электр линияларын туруктуу көзөмөлдөө жана авариялык абал түзүлгөндө чукул чара көрүү иш аракетине каражат кароо жөнүндө”
Айылдык аймак чек ара тилкесинде бири-биринен 6-25 км алыс аралыкта жайгашкан 6 чачыранды айылдардан тургандыктан, жергиликтүү калктын электр муктаждыгын туруктуу камсыз кылуу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймактагы электр линияларын туруктуу көзөмөлдөө жана авариялык абал түзүлгөндө электриктин чукул чара көрүү иш аракетине шарт түзүү максатында 2017-жыл ичинде айына 50 ( элүү ) литр күйүүчү май менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |