Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24 - июлу № 7/16
“Күнөскана курууга каражат бөлүү жөнүндө”
Жергиликтүү калкты жашылча менен камсыз кылуу тууралуу айылдык Кеңештин Жер жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 .Аймак тургундарын жашылча менен камсыз кылуу максатында, Булак-Башы айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнөскана курууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Жер жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |