Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/18
“Чоң-Сай айылындагы Казынай көпүрөсүн куруу жөнүндө”
Чек арада жайгашкан Чоң-Сай айылында жашап жаткан калктын жакынкы айылдар жана айылдык аймактын борбору менен бирден-бир транспорттук жол каттамындагы Казынай көпүрөсүн куруу максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаан-чачындуу мезгилдерде ар дайым сел жүрүп, жергиликтүү калктын транспорттук жол каттамына кооптуу абал жаратып келген Чоң-Сай айылындагы Казынай көпүрөсүн курууга смета проект даярдап, көпүрөнү куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |