Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/20
“Улуттук Көкбөрү оюнун айылдык аймакта өркүндөтүү максатында атайын иппадром тибиндеги аянтча курууга каражат кароо жөнүндө”
Айылдык аймактагы улуттук спорт ышкыбоздоруна ыңгайлуу шарт түзүү, улуттук Көкбөрү оюнун өркүндөтүү максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Улуттук Көкбөрү оюнун өткөрүүгө ылайыкташтырылган иппадром тибиндеги аянтча курууга жергиликтүү бюджеттен 150.000 ( бир жүз элүү миң) сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2..Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |