Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/22
“Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 28-б буйругуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
“Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндөгү Жобо ” тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 223-буйругун турмушка ашыруу максатындагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, улгайган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык жардамдардын ар кандай түрлөрүнө муктаждык деңгээлин аныктоо, жакыр үй –бүлөлөрдүн жашоо шартын иликтөө, социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мурдагы түзүлүп бекитилген комиссия курамына өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин. ( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |