Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/24
“АРИСтин ПРЖР -2 долбоорунун алкагында “ Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмеси ” даярдаган долбоорлорду жана ал долбоорлордун турмушка ашырылышына жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө”
“АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун” алкагында Көк-Таш айылдык аймагынын Орто-Суу айылынын Беделги жана Жалгыз-Өрүк айылынын Бозумчак калктуу конуштарындагы жайытка мал өтүүчү көпүрөлөрдү куруу жана жайыттарды туура пайдалануу үчүн МТЗ-82 тракторун сатып алуу, көчмө кыркым уюштуруу жөнүндөгү айылдык Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык аймактагы жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында “АРИСтин ПРЖ-2 долбоорунун” алкагында курулуп жаткан Көк-Таш айылдык аймагынын Орто-Суу айылынын Беделги жана Жалгыз-Өрүк айылынын Бозумчак калктуу конуштарындагы жайытка мал өтүүчү көпүрөлөрдүн жана жайыттарды туура пайдалануу үчүн МТЗ-82 тракторун сатып алуу, көчмө кыркым уюштуруу боюнча “ Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмеси ” даярдаган долбоорлор жактырылсын.
2. Долбоорлорду толук кандуу турмушка ашырууда жетпеген суммага айылдык аймактын жергиликтүү бюджетинен кошумча каржат кароого макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары К. Эгемовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Жакыев |