Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 101
«Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетинин чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн иштетилбей калган кээ бир статьяларындагы төмөнкү суммаларды,
1раздел аппарат
2211 статьясынан 25,0(жыйырма беш мин) сом, 2222 статьясынан 471,9 (төрт жүз жетимиш бир мин тогуз жүз) сом,
8 раздел китепкана
2215 статьясынан 7,8(жети миң сегиз жүз) сом,
Клуб 2211 статьясынан 10,2 (он миң эки жүз) сом,
9 раздел балдар бакчасы
2218 статьясынан 137,5 (бир жүз отуз жети миң беш жүз) сом,
2222 статьясынан 182,9 (бир жүз сексен эки мин тогуз жүз) сом,
Башталгыч мектептер 2215 статьясынан 4,1 (төрт миң бир жүз) сом, 2221 статьясынан 5,1 (беш миң бир жүз) сом, 2222 статьясынан 22,0 (жыйырма эки миң) сом,
Орто мектептер 2221 статьясынан 3,2 (үч миң эки жүз) сом, 2215 статьясынан 9,4 (тогуз миң төрт жүз) сом,
Бардыгы -879,1 (сегиз жүз жетимиш тогуз миң бир жүз) сом акча каражатын, аппараттын 3112 статьясына трактор алууга 868000 (сегиз жүз атымыш сегиз миң) сом, 2215 статьясына 11,1 (он бир миң бир жүз) сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджеттик комитетине жана айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |