Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-декабры № 104
“Баткен Тоо Кен” ЖЧК 2017-жылдын 6-декабрындагы №23 сандуу катын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер астындагы кен байлыктар жөнүндөгү” Мыйзамынын 39-беренесинин 2 жана 5-1пунктуна ылайык, “Баткен Тоо Кен” ЖЧК 2017-жылдын 6-декабрындагы №23 сандуу каты боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. “Баткен Тоо Кен” ЖЧКна Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Нурлау” кенине чейинки 4,65га жер аянтына 11,6км жерге технологиялык жол курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |