Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 9
“Жеке менчик мал ээлерине айып пул салуу жөнүндө”
Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик улуш жерлерге жана кожолуктарга малдардын кирип, дыйкандарга коп зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу айып акылардын олчомун бекитуу боюнча элдик жыйындардагы айыл тургундарынын суроо талаптарынын негизинде Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жеке менчик мал ээлерине: Покровка айыл аймагына караштуу калктуу конуштардагы жеке менчик улуш жерлерге, кожолуктарга, мурзолорго жана парк- скверлерге малдардын кирип, коп зыян келтирип, талкалап жаткандыгына байланыштуу, 20-марттан баштап 20-октябрга чейин ыргалдуу жайытка 25-майдан баштап алыскы Суусамыр жайлоосуна чыгарылсын.
2. Куздук, жаздык дан эгиндеринин аянттарына жыл бою малдарды киргизууго тыюу салынсын.
3. Жеке менчик улуш жерлерге, кожолуктарга , мурзолорго жана парк-скверлерге малдардын кируусу катталса , айып акылар томондогудой олчомдо салынсын:
Бодо мал (уй-торпок) жана жылкылар( кулун-тай) учун-1 000 сом;
Кой-эчкиге (козу-улак) учун- 250 сом
4. Токтомго баш ийбегендерге 5 000 сом айып пул салынсын.
5. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Покровка айыл окмот башчысы А.Б. Жалиловго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Покровка айылдык кенешинин агрардык комитетинин торогасы (Ч.Курманбаев) милдеттендирилсин.
Төрага | Садыков М.Т. |