Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-августу № 1
“Кең-Арал айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө”
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 19-апрель 2013-жылдагы №Б-14/I буйругунун негизинде, Кең-Арал айыл аймагынын 22-апрель 2013-жылы №25 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Кең-Арал айыл аймагынын Кең-Арал калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын Кең-Арал калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |