Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-августу № 3
“Кен-Арал айыл аймагындагы жер аянтын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө”
Кен-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Темирбековдун Кен-Арал айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди айыл аймагынын муниципалдык менчигине бекитүү боюнча сунушун канааттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Арал айыл аймагынын түштүк жагындагы Кен-Арал колхозуна тиешелүү болгон Механикалык гараж жайгашкан № 173 контурундагы 3,60 га жер аянты Кен-Арал айыл аймагынын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик акты даярдап берүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоосунан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |