Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-августу № 4
«Кен-Арал айыл аймагында салынган кичи футбол аянтчасынын атын коюу жөнүндө»
Кен-Арал айылында курулган кичи футбол аянтчасына ат коюу боюнча жарандардан түшкөн арызды канааттандыруу максатында Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Арал айыл аймагына курулган кичи футбол аянтчасына маркум Сыйдалиев Асанбектин аты ыйгарылсын .
2. “Сыйдалиев Асанбек” атындагы кичи футбол аянтчасы деп аталсын жана аты жазылып илинсин.
3. Кичи футбол аянтчасын тиешелүү эмеректер менен камсыздоо жагы Сыйдалиев Уланга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |