Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-августу № 6
“Кен-Арал айыл аймагында мурунку “Эмгек” филиалына тиешелүү имарат жана жер участогу жөнүндө”
Кен-Арал айылындагы “Эмгек” тигүү филиалы “Азем” акционердик коомго тиешелүү болгондуктан имаратты сатуу боюнча 1999-жылы 30-мартындагы № 1 протоколунун негизинде жана жалпы комиссия мүчөлөрүнүн 1999-жылдын 24-июнундагы чечимин эске алып Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин XXXIХ-чакырылышынын 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Арал айыл өкмөтүнө караштуу мурунку “Эмгек” тигүү филиалы “Азем” АК имараты жогорудагы чогулуштун протоколунун чечиминин негизинде жеке менчикке сатылгандыктан Бакай-Ата райондук мамкаттоо тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилгендиктен жер ээсине күчүнө калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | И.Жумабеков |