Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-2
“Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин депутатарынын 2018-жылга жумуш планына ылайык, “майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 2018-жылга бекитилишин жана 2019-2020-жылдарга божомолун” карап чыгып,талкуулап, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 51 125,0 миң сом,анын ичинде бюджеттик каражаттар 42 275,0 миң сом,атайын каражаттары боюнча 8850,0 миң сом суммасында № 1,2,3,4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2019-2020-жылдарга божомолдун негизги параметрлери төмөнкү суммада бекитилсин:
-2019-жылга -54191,0 миң сом;
-2020-жылга -57592,0 миң сом № 2 тиркемеге ылайык.
3. Майлуу-Суу шаарынын Мэриясы 2019-2020-жылдарга болгон божомолдун негизги параметрлерин,аларды ар бир жылда карап чыгып жатканда кайрадан иштеп чыгуусуна укугу бар.
4. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи “Кыргыз республикасынын 2018-жылга республикалык бюджеттен жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 10-беренесине ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,дары дармек,тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) жана коммуналдык чыгымдарга каржылануусу белгиленсин.Чыгашалардын корголгон беренелерин туура жана так колдонуу ,электр энергия жана жылуулук энергиянын лимиттерин сактоо жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттардын Казына тутумунан сырткары колдонууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
7. 2018-жылдын чыгаша бөлүгүнө каралсын жана бекитилсин:
- “Мугалимдер статусу” Мыйзамына ылайык, мугалимдердин медициналык кароосун 50% төлөп берүү жана ЖОЖда сырттан окуган жаш мугалимдердин контрактын 50% төлөп берүүсү каралсын;
-Сары-Бээ,Кара-Жыгач жана Көк-Таш айылынан каттаган окуучуларга 150,0 миң сом билим берүү бөлүмүнө бөлүнсүн;
-Жалпы билим берүү мектептердин 7(жети) орто медициналык кызматкерине айлык акыларына (ай сайын 1200 сомдон 9 айга) үстөк акы;
-Сибирь жарасын дезинфекциялоо жана сибирь жарасынын (куйдургу) очокторун оңдоо (110,0 миң сом);
-ММБ (муниципалдык менчик башкармалыгында) жашылдандыруу чарбасынын 3 (үч) кызматкерлерин камтуу;
-Титулдук тизменин ичиндеги шаарды көрктөндүрүү жумушу боюнча сатып алынган грейдерге калган 2754,9 миң сом II кварталда бөлүп берүү.
8. Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой" мекемесинин 2018-жылга 70 штаттык бирдиги бюджеттик каражаттан 3680,9 миң сом жылдык эмгек айлык акы фонду менен бекитилсин.
9. Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой" мекемесинин 2018-жылга 26,5 штаттык бирдиги атайын каражаттан 1916,2 миң сом жылдык эмгек айлык акы фонду менен бекитилсин.
10. 2018-жылдын 01-январынан тартып “эмгек айлык акы” беренесинин үнөмдөлгөн каражаттан 17 көчө тазалоочу жана 2 электрикке ай сайын 3000 миң сомдон айлык акысына кошумча акы төлөө “Горжилзеленстрой" мекемесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
11. Мэриянын 2018-жылга 43 штаттык бирдиги бюджеттик каражаттан жана 464,9 миң сом бир эмгек айлык акы фонду менен бекитилсин.
12. Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2018-жылга сметасына ылайык коомдук уюмдарды демилге берип кызыктыруу максатында сыйлоо үчүн аксакалдар сотуна 40,0 миң сом,аксакалдар Кеңешине 20,0 миң сом бекитилсин (Тиркеме №3).
13. Майлуу-Суу шаардык аскер комиссариатына 2018-жылга транспорттук чыгашалар,кенсе буюмдары сатып алуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүү беренелери мэриянын сметасында каралып,чыгымдары ишке ашырылсын.
14. Муниципалдык менчикти башкармалыгына 2018-ж.12,0 штаттык бирдиги бюджеттик каражаттан жана 1745,5 миң сом жылдык айлык акы фонду менен бекитилсин.
15. Мэрдин резервтик фонду 420,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
16. Салыктын күтүлгөн жоготуусу жана жылуулук берүү,башка карыздарды төлөөгө берилүүчү каражаттарды тартуу боюнча Мэрияга,мамлекеттик салык башкармалыгына жана каржы министирлигинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына жыл ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн тактоо милдеттендирилсин.
17. 2018-жылдын 01-январына карата Майлуу-Суу шаарынын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 1076,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин (тиркеме №5).
18. Бюджеттик мекемелердин атайын каражат боюнча 01.01.2018-ж.калдыктары бекитилсин (тиркеме №6).
19. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |