Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы№ 5-8-3
“Майлуу-Суу шаарынын Мира көчөсүндөгү №52 имаратын кайрадан муниципалдык менчиктин карамагына кайтарып алуу жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык аскер комиссариятынын ачылышынын негизинде,мекемени имарат менен камсыз кылуу багытында, Мира көчөсүндө жайгашкан №52 имаратын шаардык соттон кайтарып алуу, шаардык сотту Ленин көчөсүндө жайгашкан №17 имаратка которуу боюнча, Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун катын талкуулап,шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовдун Мира көчөсүндө жайгашкан №52имаратын шаардык соттон кайтарып алуу жана шаардык сотту мурда ээлеп турган Ленин көчөсүндөгү №17 имаратка которуу жөнүндөгү доклады эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 9-октябрында чыккан №6-5-8 токтому жокко чыгарылсын.
3. Майлуу-Суу шаарынын Мира көчөсүнүн №52 имараты шаардык аскер комиссариятына убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
4. Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү №17 имараты, шаардык сотко чектелбеген мөөнөткө пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекетик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |