Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-4
“Жер көчкүдөн жана башка табигый кырсыктардан жабыркаган тургундарга жеке үй куруу үчүн жер тилкесин 800(сегиз жүз) чарчы метрден бөлүп берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ АБнын жер көчкүдөн жана башка табигый кырсыктардан жабыр тарткан тургундарынын жеке үй куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын 800(сегиз жүз) чарчы метрден бөлүп берүү боюнча кайрылуусунун негизинде шаардын 1-вице мэри З.К.Расуловдун катын талкууга алып,депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын 1-вице мэри З.К.Расуловдун көчкүдөн жабыр тарткан жарандарга жеке үй куруу үчүн 800 чарчы метрден жер тилкесин бөлүп берүү боюнча жасаган маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаары боюнча жер көчкүдөн жана башка табигый кырсыктардан жабыр тарткан баардык жарандарга жалпы аянты 800(сегиз жүз) чарчы метрден жер тилкелери бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергентика, курулуш жана соода сатык боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Э.Малабеков )жана шаардын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |