Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-7
“Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин сунуштоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү Т.Ж.Омурзаковдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү Т.Ж.Омурзаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде аймактык шайлоо комиссиясынын тизмеси (Тиркеме 1) Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган тизме тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин жооптуу катчысы-аппарат жетекчисине (А.Э.Мамасалиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев
|