Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5-8-5
“Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун врач-акушер-гинеколог Н.Полотовага батир бөлүп берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын ЖДПБнун башчысы Т.О.Догбаевтин Врач-акушер-гинеколог Н.Полотованын чыгымдарын төлөп берүү же батир бөлүп берүү тууралуу кайрылуусун угуп,талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын ЖДПБнун башчысы Т.О.Догбаевтин Врач-акушер-гинеколог Н.Полотованын чыгымдарын төлөп берүү же батир бөлүп берүү тууралуу кайрылуусу жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык прокуратуранын кызматтык батирин врач-акушер-гинеколог Н.Полотовага убактылуу пайдаланып жашап турууга берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |