Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы № 2
«Оро айыл Өкмөтүнүн 2018 –жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2019 -2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолун бекитуу жөнүндө»
Оро айылдык Кенешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 14 - сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн 2018- жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Оро айыл Өкмөтүнүн 2018 -жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 7715,6 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Кирешеси төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
1. Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы. – 600,0
2. Короо жай (огород) жер салыгы - 150,0
3. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - 928,0
4. Транспорт ээлеринен алынган салык - 305,0
5. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык -184,0
6. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 16,0
7. Кыймылсыз мүлккө алынган салык -1,4
8. Сатыктан түшкөн салык -10,0
9. Иш берүүчүлөрдөн алуучу салык - 1161,7 10. КБФ ижара акысы - 107,0
11 Жайыт жерлеринин ижара акысы учун - 346,5
12. Тендөөчу грант - 2421,0
13. Лицензия кармоо үчүн төлөмгө - 1485,0
Жыйынтыгы: 7715,6 мин. сом.
Чыгашалар 7715,6 мин сом өлчөмүндөгү төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин
1. Башкаруу аппарытына: 2619,8
2. Билим беруу болумуно: 1059,4
3. Социалдык камсыздоо: 358,0
4. Маданият бөлүмүнө: 638,2
5. ЖКХ 2693,5
6. Жарандык коргоо: 120,0
7.Экономикалык маселелер 226,7
Жыйынтыгы: 7715,6 мин сом.
2.Айыл өкмөтүнүн 2019–жылга бюджет божомолунун жалпы суммасы 7872,4 мин сом, анын ичинен тендөөчу грант 2383,5 мин сом, 2020-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы 7886,7 мин сом, анын ичинен тендөөчу грант 2267,8 мин сом суммасында белгиленсин.
3.Жергиликтуу бюджетти колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары биринчи кезекте коргоодогу статьяларды (айлык акы, соц фонд жана коммуналдык чыгымдарды, байланыш чыгымдарды) жабууга жумшалсын.
4. Жыл ичинде жергиликтуу киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсо, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык Кенештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
5. 2016-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2018-жылга 3,0 мин сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
6. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
7. Бакай- Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-январындагы № Б-9/1 буйругунун негизинде бюджеттен өзгөчө кырдаалдарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн 120,0 мин сом өлчөмүндө “кол тийгис” акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
8. Ошондой эле 2018 – жылдын бюджетинин чыгаша коломунун 1 % нин эсебинен 90,0 мин сом айыл окмотунун резервдик фонду болуп тузулуп, айыл окмоттун тескоосуно берилсин.( КРсынын «Бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жонундогу» Мыйзамынын 21- беренеси).
9. 2018- жылдын бюджетинин киреше, чыгашасы мыйзамдуулуктун негизинде аткарылуусу, максатсыз жумшоого жол бербоо, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыйуу салуу милдеттери айыл Өкмөтүнүн башчысына жана финансы- экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес толомдорду жыйноодо, откон жылдардан калган суммаларды(недоимкаларды) толук ондуруудо айыл окмотуннун салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар корсотулсун.
11. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштуу олчомдогу салыктар моонотунон кечиктирилбей алынсын.
12.Айыл чарбасына арналбаган жер салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1=1,034 болуп, айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1=1,034 болуп белгиленсин.
13.Мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
14.КР Өкмөтүнүн 30.05.2013- жылдын № 302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Шадыбеков. |