Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы № 3
“Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө”
Оро айылдык Кеңешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 14- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.06.2014-ж. № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.01.2015-ж. № 6 Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, Оро айылдык Кенеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл өкмөтүнүн аймагында кошумча кызмат көрсөтүүнүн реестри № 1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген реестрдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго, ФЭБ башчысы К.Сатымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Н. Шадыбеков.
27.02. № 14сессиясынын № 3 токтомуна
тиркеме
Төмөндөгүлөргө акысыз кызмат көрсөтүлөт
1. Жарандарды учетко тургузуу
2.Жылытуу мезгилинде багар көрөрү жокторду отун менен камсыз кылуу;
3.Ден соолугуна байланыштуу өтө муктаж адамдарды бир жолу материалдык жардам көрсөтүү;
4.кургак учук менен ооруган бейтаптарга жылына бир жолу жол кире акысын төлөө;
5. Жарандарга аныктамаларды берүү;
6.Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардам көрсөтүү;
7.Ооган согушунун катышуучусуна материалдык жардам көрсөтүү;
8.Оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргү бир ирет материалдык жардам көрсөтүү;
9.Жарандарга даталуу күндөрдө иш-чара өткөрүп берүү;