Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-февралы № 04
“Оро айыл аймагында “Берилл” ЖЧКсынын лицензиясына макулдук берүү жөнүндө”
Оро айылдык Кеңешинин 10 - чакырылышынын кезексиз 14- сессиясы Оро айылдык кеңешине “Берилл” корпорациясынын 27.02.2018-ж.ж корпорациянын директорунун орун басары Ч.Садыралиевдин кайрылуусун талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. ЖЧК “Берилл” корпорациясы изилдөө иштерин жүргүзүү тууралуу 2016-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитетинин №2-макулдашуу лицензиясын алгандыгына байланыштуу жана айылдык кеңештин 9-чакырылышындагы депутаттарынын 2016-жылдын 12-августундагы №1 токтомунун негизинде. Узун-Ташты капчыгайындагы “Берилий” кенинин изилдөө иштерин жүргүзүүгө берилген № 4355 МР лицензиясына макулдук берилсин.
2. Иш башталардан мурун эки тараптуу келишим түзүлүп, бардык койгон тараптар эске алынсын.
3. Эгерде тараптардан мыйзам бузуулар болсо иш токтотулсун жана мыйзам чегинде жоопко тартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Э. Сураповго жүктөлсүн
Төрага | Н.Шадыбеков |