Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели № 4
“Социалдык маселелерди чечүү жөнүндө”
1. Айыл аймагынын эки мектебине өрт коопсуздугу үчүн өрт өчүрүүчү шаймандарды алып берүү бюджет комитетине милдеттендирилсин.
2. Социалдык кызматкер Д.Сулайманованын арызынын негизинде тоголок жетимдерге огород участогун бөлүштүрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Жумакуловго жана жер адиси У.Көчөровго милдеттендирилсин.
3. Түйтө айылындагы маданият үйүнүн айласынан узуну 7 метр туурасы 3 метр жерди чакан соода түйүнүн жана чач тарач өзүнүн эсебинен куруу үчүн 10 жылдык мөөнөт менен Суютбеков Урстом Тутуевичке берилсин, мөөнөт бүткөн соң айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
4. Ынтымак айылынын тургуну Жолдошбекова Анарага мамлекеттик каттодон жер кагаздарын бүткөрүү үчүн 4500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Түйтө айылынын жаштарына спорт оюндары үчүн 20 сотых участок жер бөлүнүп берилсин мектептин эски зданиясын кошуп спорт залдын АПУ ИТУ мыйзамдаштыруу жагы бюджеттен каралсын.
6. Токтомду аткаруу жагы М.Жумакуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Назаралиев. |