Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу № 42
“Кара-Бак айылдык кенешинин 2015-жылдын 23-ноябрындагы №01-7/56 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизуу жөнүндө”
Кара-Бак айыл окмотуно караштуу Кызыл-Бел айылынын Улакжай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт 33,0 га “Айыл чарба багытындагы” жер аянтын “Кыргызжермамдолбоор”МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 12.07.2017-жылдагы №01-7/375 корутундусунда 40,0 га болуп чыккандыгына байланыштуу өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын Улакжай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыттын эсебинде турган 33,0 га жер аянты 40,0 га жер аянты деп өзгөрүү менен “Айыл чарба багытынан” “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Каламбеков |