Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу № 44
“Кара-Бак айылдык кенешинин 21.02.2014-жылдагы №01-7/03 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Баткен шаарынын тургуну У.Калиловдун арызынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин 2014-жылдын 21-февралындагы №01-7/03 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү менен “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 5,0 га таштуу жайыт жер аянтын, “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы Калилов Уланбек Исламбековичтин жеке менчигине тиешелүү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 9,8 га таштуу жайыт жер аянтын ичинен 5,0 га жер аянтын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |