ТоктомКүчүндө

Кара-Бак айылдык кенешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 45 «Кз зоналдык коэффициентинин маанисинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция29.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2017-жылдын 29-сентябры № 45

«Кз зоналдык коэффициентинин маанисинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрду киргизүү” жөнүндөгү Мыйзамынын №339 беренесинин негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентинин мааниси 0,3 өлчөмүндө белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Каламбеков