Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 47
“Кара-Бак айылдык кенешинин 27.03.2017-ж №29 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кызыл-Бел айылындагы 0,12 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алган Кара-Бак айылдык кенешинин 27.03.2017-жылдагы №29 сандуу токтомуна Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине деген сөздүн ордуна Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу деген сөзгө өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну А.Жапаровдун тамарка үчүн берилген 0,12 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |