Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 48
“Кара-Бак айылдык кенешинин 2017-жылдын 15-июлундагы №38 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
“Кыргызжермамдолбоор”МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 04.05.2017-жылдагы №01-7/228 корутундусуна таянып Кара-Бак айылдык кенешиин 2017-жылдын 15-июлундагы №38 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк жагынан (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) курулуш астындагы 0,15 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |