Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 49
“Автоунаа жуучу жана ондоочу жай куруу үчүн аукцион аркылуу сатууга уруксат берүү жөнүндө”
Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабында жайгашкан калктуу конуш астындагы 0,01 га жер аянтын автоунаа жуучу жана ондоочу жай куруу үчүн тоорук аркылуу жеке менчикке берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабында жайгашкан калктуу конуш астындагы 0,01 га жер аянтын автоунаа жуучу жана ондоочу жай куруу үчүн тоорук аркылуу жеке менчикке берүүгө макулдук берилсин.
2. Акуционго коюу үчүн тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |