Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 51
“Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө”
Чет-Кызыл айылынын жаны конушуна электр линиясы менен камсыз кылуу үчүн келген трансформаторду орнотууга жер жок болгондугуна байланыштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Момунов Шералинин тамарка үчүн берилген жеринин 16 чм жер аянтын өзүнүн тил катынын негизинде айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чет-Кызыл айылынын тургуну Момунов Шералинин Чет-Кызыл айылынан тамарка үчүн берилген жеринин 16 чм жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |