Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 52
“Чет-Кызыл, Бай Карабак, Дөбө авто жолдорун №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө”
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл, Бай Карабак, Дөбө айылдарына баруучу автоунаа жолдорун Баткен райондук №2 жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чет-Кызыл-Кара-Бак 4,7 км, Кара-Бак - Бай Карабак 3,2 км, Кара-Бак - Дөбө 4,1 км жалпы 12 км. автоунаа жолдорун Баткен райондук №2 жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ш.Мапаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |