Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры № 53
“Айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө”
Кызыл-Бел айылынын тургуну Утбасаров Мырзанын атына Эл депутаттарынын Кара-Бак айылдык кенешинин 1993-жылдын 10-мартындагы №1 сандуу чечими менен турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын, өзүнүн баш тарткан арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну М.Утбасаровго тамарка үчүн берилген 0,15 га жер аянты боюнча 10.03.1993-жылы №1 сандуу Эл депутаттарынын Кара-Бак айылдык кенешинин чечими жокко чыгарылып, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |