Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры № 55
“Кыргыз Эл Баатыры” наамына сунуштоо жөнүндө
Зардалы айылынын жашочуларынын жалпы жыйынынын протоколунун негизинде 1999-жылы Баткен коогаланында каза болгон милициянын старшинасы К.Шадыбеков жана мурдагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Тайлаковду “Кыргыз Эл баатыры” наамына көрсөтүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1999-жылы Баткен коогаланында каза болгон милициянын старшинасы К.Шадыбеков жана мурдагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Тайлаковду “Кыргыз Эл баатыры” наамына сунушталсын.
2. “Кыргыз Эл баатыры” наамына көрсөтүүгө райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |