Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры № 56
“Айыл өкмөтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ортосунда түзүлгөн типтүү келишимди берүү жөнүндө”
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтү менен Кара-Бак аймактык жайыттарды пайдалануу бирикмеси отосунда түзүлгөн типтүү келишимдин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтү менен Кара-Бак аймактык жайыттарды пайдалануу бирикмеси отосунда түзүлгөн типтүү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |