КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 57
“Муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”
Ош шаардык сотунун 16.03.2016-жылдагы УД-398/16-06 өкүмүнүн негизинде 17.03.2016-жылы №144-п Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлкту башкаруу боюнча фондунун буйругу кабыл алынып, Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Шайдуллаев Маннап Мамыровичтин Кызыл-Бел айылындагы 8-01-09-1002-0651 идентификациялык номеринде турган турак үйүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Шайдуллаев Маннап Мамыровичтин Кызыл-Бел айылындагы 8-01-09-1002-0651 идентификациялык номеринде турган турак үйүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Надировага тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |