Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 58
“Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүүдө старттык баасын жана кадамын аныктоо жөнүндө”
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин 5 жылдык ижара келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу тоорук аркылуу кайра ижарага берүү үчүн ижарага берүү жердин өлчөмүн, старттык баасын жана кадамын аныктап, бекитип берүү, ижара акысын төлөбөгөн ижарачыларды келерки тоорукка киргизбөө жана Чернобль апаатынын катышуучуларына акысыз ижарага жер берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу КБФнун жерлери 0,50 гадан болуп карта түзүлүп тоорукка коюлсун жана старттык баасы жана кадамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2012-2017-жж ижарага акысын төлөбөгөн ижарачыларды келерки тоорукка киргизбөө чарасын көрүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Чернобль апаатынын катышуучуларына түз берүү жолу менен өздөрү көрсөткөн жерден 0,50 гадан акысыз жер берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |
Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы 21.11.2017-жылдагы № 58 токтомуна №1 тиркеме
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча старттык баасын жана кадамын аныктоо
тизмеси
Бардык бак жана суулуу жерлер 1,0 га эсептелди.
1. Курук-Сай участкасынан - стартык баасы 3000 сом, кадамы 300 сом.
2. Тагнам участкасынан - старттык баасы 2000 сом, кадамы 200 сом;
3. Үч-тыт участкасынан – старттык баасы 4000 сом, кадамы 400 сом;
4. Бай Карабак айылынан – старттык баасы 4500 сом, кадамы 450 сом;
5. Дөбө айылынан - старттык баасы 4000 сом, кадамы 400 сом;
6. Достук айылынан - старттык баасы 4000 сом, кадамы 400 сом;
7. Чет-Кызыл айылынан – старттык баасы 4000 сом, кадамы 400 сом;
8. Лесопаласалар - старттык баасы 1000 сом, кадамы 100 сом;
9. Тыт бактар - старттык баасы 1500 сом, кадамы 150 сом;
10. Өрүк бак (обрикос) – старттык баасы 5000 сом, кадамы 500 сом;
11. Өрүк бак (Исфарак) - старттык баасы 4000 сом, кадамы 400 сом;
12. Өрүк бак (Майский) - старттык баасы 2000 сом, кадамы 200 сом;