Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 59
“Кичи футбол аянтчасын куруу үчүн тоорук аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берүү жөнүндө”
Кызыл-Бел айылынын түндүк жагындагы (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алынган 0,15 га жер аянтын кичи футбол аянтчасын куруу учун аукцион аркылуу жеке менчикке берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк жагындагы (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алынган 0,15 га жер аянтын кичи футбол аянтчасын куруу учун аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |